Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда, добуш бергенден кийин Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы № 5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин кошумча окуу корпусунун жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров 375 орундуу, эки кабаттуу жаңы имараттын курулушун 2021-жылдын июнь айында аягына чыгаруу күтүлүп жаткандыгын белгиледи.

Урматбек Көкөчаров азыркы учурда окуу жүктөмдөрү көп болуп, окуучуларга орундар жетишпей жаткан жерлерде жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды куруу иштери улантылып жатканын эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы окуу корпусун курууда жана жабдууда, билим берүү процессине заманбап санарип технологияларын киргизүү шарттары эске алынышы керектигине токтолду.

Мамлекет башчысы окуучуларды окутууда билим берүүдөгү алдыңкы тажрыйбаларды жана заманбап санариптик чечимдерди колдонуунун өзгөчө маанисин баса белгиледи.