БШКнын кызматкерлериндей кийинген эки адам бюллетендерди тобу менен урнага салып жаткан видео боюнча БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун мүчөсү Тынчтык Шайназаров жооп берди.

Анын айтымында, видео тесттик бюллетендер менен автоматтык урнаны текшерип жаткан маалда тартылган.

«Бюллетендерди чогултуп алып келип салганы фалсификация эмес. Мен жооптуу түрдө айта алам, андай болушу мүмкүн эмес. Биз бир жаран, бир добуш дегенге жетиштик. Алар урнанын ишин текшерип жаткан маалда тартылып калган», — деди Шайназаров.

Ал эми видео кайсы шайлоо участкасында тартылганын кийинчерээк тактап берерин айтты.

Мындан сырткары, дагы эки аялдын «бир партиядан акча алып, добуш бердим» деген видеосу териштирилип жатканын билдирди.

«Аларды бүгүн эле тактайт, провокация да болушу мүмкүн. Партиялар ортосунда чоң күрөш жүрүп жатат, кандайдыр бир кызыкдар тараптар болушу ыктымал», — деди Шайназаров.

Ал ИИМ тарабынан иликтөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен чекит коюларын кошумчалады.

https://youtu.be/UlQvoa1ou70