Соңку мүнөттөрдө добуш сатып алуу боюнча арыздангандар көбөйдү. Бул тууралуу БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобунун мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, саат 17.00гө карата мыйзам бузуу боюнча БШКга 79 кайрылуу түшкөн.

«Азыр добуш сатып алуу боюнча арыздангандар көбөйдү. Бул боюнча алты факты катталды. Ошондой эле шайлоочуларды массалык түрдө ташуу, урна жана эсептөөчү аппараттардын иштебей калганы боюнча маселе жаралганын кабарлашууда», — деди Шайназаров.

Ал ошондой эле эгер добуш сатып алуу фактылары аныктала турган болсо, жооптуу партия шайлоодон четтетилерин билдирди.

Ал эми ИИМдин Тергөө кызматынын начальниги Султан Макилов Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 15 факты катталганын билдирди.