Шайлоо бюллетендерин сүрөткө тартуу мыйзамсыз, деп билдирди бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров.

Ага журналист тарабынан шайлоо бюллетендерин сүрөткө тарткан жарандар кандай жоопкерчиликке тартылары тууралуу суроо узатылган.

«Бул шайлоонун жыйынтыгына таасир этпейт. Айып пул салынышы мүмкүн, анткени алардын аракетине баа бериш керек. Чынында азыр баары так тартылган видеолор көп келип жатат. Бул кандайдыр бир деңгээлде далил. Көрүп жатасыңар, бизде жарандык коом күчтүү, баарында дароо видеого тартып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул бир жагынан жакшы», — деди Шайназаров.