Шайлоо участкаларынын короосуна саат 20.00гө чейин кирип алгандар добуш бере алат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн добуш берүүгө баргандар узун кезекке туруп калганы туурасында сүрөт, видеолор социалдык тармактарга жарыяланып жаткан. Мындан улам добуш берүү мөөнөтү бүтүп калса эмне болот деген суроо жаралган.

«Эгер шайлоочунун кезеги жеткенче саат 20:00 болуп калса, шайлоо участкасынын короосунда турган адамдарды тейлеп бүткөнгө чейин иштейт. Бул учурда дарбазасы жабылат да, сырттан келгендер киргизилбейт», — деди Бекматов.

Белгилей кетсек, саат 20.00дө шайлоо участкалары жабылат. Ал эми саат 22.00дө шайлоонун жыйынтыгы жарыяланат.