«Социал Демократтар» партиясы шайлоонун алдын ала жыйынтыгына каршы митинг өткөрүп Ала-Тоо аянтына чыгышты. Алардын айтымында, шайлоодо добуш сатуулар болуп, одоно эреже бузуулар катталган. Шайлоодо уурулардын партиясы жеңишке жетет деп болжошууда. Фейсбук социалдык тармагы аркылуу түз эфирге чыгып сүйлөгөн Сейит Атамбаев өзүн оппозициямын деп эсептеген партиялардын лидерлерин алардын катарына кошулуусуна чакырды.

“Бүгүнтөн баштап бийликти уюшкан кылмыштуу топ деп атаса болот », — деди аталган партиянын талапкери Темирлан Султанбеков. “Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырабыз. Бийликти өз элин кочкорго салыштырган вандалдар жана фашисттер басып алышкан. Биз согуш жарыялайбыз!”-деди.

Эске салсак,  бир аз мурдараак электрондук урна санаган добуштар жарыяланып анда аталган партия 1,98%  добушка ээ болгон.