Борбордук шайлоо комиссиясына (Боршайком) добуш берүү күнүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу арыз-даттануулар келип түшүүдө. Эгер алар тастыкталса, тийиштүү чечимдер кабыл алынат. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгынан күмөн санабоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн:

«Ар бир автоматтык эсептөөчү урнадан алдын ала жыйынтык жарыяланып турат. Ар бир байкоочу биздин таблицадагы маалыматты ошол урнадагы маалымат боюнча отчет менен салыштырып көрө алат. Ошентип, өзүңүздөр көрүп тургандай, шайлоонун жыйынтыгына ишениш үчүн бардык инструменттер бар. Бирок, мен жогоруда айткандай, биз бардык арыз-даттанууларды карап чыгабыз жана алар боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынат».

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 23:30га карата маалыматы боюнча, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дээрлик 98% белгилүү болду.

Бул маалыматка караганда, бүгүнкү парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясы добуштардын 24,5%, “Мекеним Кыргызстан” 23,9%, “Кыргызстан” 8,7%, “Бүтүн Кыргызстан” 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү.

“Мекенчил” партиясында добуштардын 6,8%, “Республикада” 5,8%, “Ата-Мекенде” 4,0%, “Ыйман нурунда” 3,3%, “Бир Болдо” 3,0%, “Чоң казатта” 2,3%, “Замандашта” 2,1%, “Социал-демократтарда” 2,1%, “Реформада” 1,6%, “Мекен ынтымагында” 0,6%, “Ордодо” 0,2% жана “Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында” 0,1%.

Добуш бергендердин 1,8% баарына каршы добуш беришти.