Орусиянын борбору Москва шаарында үч тилке ачылып, 4075  жаран добуш берүүгө үлгүрдү. Москвадагы электрондук урналардын алгачкы жыйынтыгы интернетке жарыяланды.

Добуштардын жарымынан көбү, же 2252 шайлоочу “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы үчүн берилген. Экинчи орунду 581 добуш менен “Мекенчил” партиясы камсыздаган. Ал эми “Ата Мекен” партиясы 267 добуш алып, үчүнчү орунда.

Улуу Британиянын борбору Лондон шаарындагы шайлоо тилкесинде 100 адам добуш берди. Анын жыйынтыгы боюнча, 29 адам “Реформа”, 19у “Ата Мекен” партиясына добуш берген, “Республика” партиясы 13 добуш алган. Ал эми калган партиялар 10го жетпеген добуш алышкан.

Түркиянын Стамбул шаарындагы добушканада 151 адам добуш берген. Протоколго ылайык, “Реформа” партиясына 32 жаран, “Ата Мекенге” 20, “Ыйман Нуру” партиясына 13 адам добуш берген.

Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү.