Социалдык тармактарда тараган,  “Кыргызстанда  балдардын кавасаки оорусу көбөйүп жатыптыр. Мектептерди ачканы менен кайра эле жабат экен. Себеби азыр эле керебеттерди даярдап коюшуп айтпай жатышыптыр.  Балдарыңарды мектепке жибербегиле”-деген чакырыктар ватсап тиркемеси аркылуу эл ичине жайылууда. Бул боюнча, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова төмөнкүлөрдү билдирди:

“Ооба, балдарга арналган стационардык зоналарда эки миңден ашык керебеттер даярдалган.  Бирок, балдардын арасында оору көбөйдү деген маалымат такыр чындыкка туура келбейт. Баардыгы штаттык түрдө иштеп жатышат. Мектептерди атайын штабдын чечими менен аралыкта сактап окутулат. Эч бир мекеме жана адам балдардын оорусун каалабайт. Саламаттыкты сактоо министрлиги ата-энелерди жалган ушактарга ишенип, дүрбөлөң түшпөөгө чакырат”-дейт маалымат катчы.

Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги 6-октябрдан тартып, 1-6 класстар мектептен билим алат деген билдирүү тараткан.