Ош облусунда жер титирөө катталды, — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 4-октябрда болжол менен саат 20:12де Ош облусунун аймагындакатталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Кызыл-Ордо, Мады айылдарында 3,5 баллга, Баш-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.