4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясы 6,85% пайыздык көрсөткүчтү алган эле. Бүгүн аталган партиянын лидери Камчыбек Ташиев шайлоонун жүрүшү тууралуу кыска гана кайрылуу жасады.

«Урматтуу Мекенчилдер,шайлоочуларым! 04.10.өлкөбүздө болуп өткөн шайлоо таза эмес өткөндүгүнө күбө болдунуздар! Бирок акыркы алдын ала эсептөөлөр бүгүн 05.10.жыйынтыгы чыгат деп күтөбүз. Мен аягына чейин турамын, сиздер да туруңуздар, биз жеңебиз буюруса»,-деди Ташиев.

Шайлоонун алдын ала эсеби боюнча парламентке кирүүгө мүмкүнчүлүк ачкан 7% босогону төрт партия “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан” өтүштү.