Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 9 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек — 1
Жалал-Абад облусунда — 2
Баткен облусунда — 6
Ал эми бир суткада 3 медицина кызматкери айыгып, ооруканадан чыгарылды. Үй
карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин
арасында – 3327 учур катталды, алардын ичинен 3059 медкызматкер
айыгып чыкты.