Кыргыз Республикасынын Эл артисти, легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова уулу Эркин калтырган акыркы белегин айтты. Ал  каза болоордун астында “Мама” аттуу ыр жаздырып, бирок апасына уктурууга үлгүрбөй калган. Бул тууралуу Гүлшайыр Садыбакасова инстаграмдагы баракчасына жазды.

“2020-жыл 25-август. Мен үчүн каргашалуу күн катары тубөлүк эсимде калды… Бул күнү жалгыз уулум, Эркинтайымдан ажырадым… Ыйга, мунга, күйүткө, арманга, сагынычка, кусалыкка толгон азаптуу күндөр зыпылдап өтүп,баламдын 40 күндүгүн да өткөрдүк…

Башыбызга азап жана кайгы-муң түшкөн оор күндөрдө аза-кайгымды, күйүтүмдү бөлүшүп, жылуу сөздөрү менен бүгүлгөн кайратымды тиреп, жоготкон күчүмдү ширеп, кулаган кубатымды жөлөп, кайрылган канатымды сүйөп, уулумдун рухуна бата-дубаларын берип турган калдайган кыргыз калкыма чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиремин!

Уулум Эркинди Аллахым өз рахматына алып, акыретин абат кылып, бейиштин багын насип кылсын! Эркиним төрөлгөндөн тартып табиятынан маданияттуу, тарбиялуу, акылдуу, билимдүү, жөнөкөй, кичи пейил, адамгерчиликтүү, боорукер болуп чоңойду. Садага болойунум, Сайкал экөөбуз сени чексиз жакшы көрөбуз!
Кош бол уулум, Кудай буюрса акыретте жолугушабыз!

Ушул “МАМА” аттуу ырды Эркинтайым каза болоорунан 2 жума мурда мага арнап жаздырган экен, көзү өткөндөн кийин мага жөнөтүштү. Эркинтайымдын мага калтырган акыркы ыр белеги…

Кагылайын каралдым, мен сендей мыкты балага апа болгонума ыраазымын, сенда мага ыраазы бол!”.

https://www.instagram.com/tv/CF6mpKwH5Ah/