Биздин редакцияга, «Психологдон кеңеш» рубрикабызга келген кезектеги кат ээсине адистин кеңеши. Окурмандардан келген каттарга, психолог Альбина Закирова жооп берет.

Саламатсызбы Альбина эже.  Сиздин кеңештерди окуп турам. Айбай жакшы айтып бересиз. Мен үйдө эки бала менен отурам. Күйөөм иштейт. Акыркы күндөрү көп ачууланам. Өзүмө такыр карабай калдым. Балдар, үй ишетери менен болуп. Жолдошум да айтат өзгөрүп баратасың деп. Кээде жумушунан кеч келет, эмне кылдың десем келдим болду да деп коет. Аны башкага кетип калабы деп корком. Төрөгөндөн кийин толуп да баратам, ошол үчүн да карабай жатабы билбейм.  Кандай калсам?

Психолог Альбина Закирова

Саламатсызбы, аноним.

Рахмат кеңештерди окуп, колдонсоңуз, сизге жакшы таасир калтырат деген ойдомун.

Сиз биринчи кезекте өзүңүз  үчүн сулуу, дени сак, арык чырай ажарлуу болушуңуз керек.

Эркектер баары бир өзүн карагандарды жактырышат. Сиз үйдө отуруп  өзүңүздү таштап койсоңуз керек. Аял заты жаратылышта сейилдеп, балдарына мээрим  төккөндө, курбу кыздар менен жолугуп, телефон аркылуу баарлашып энергия топтойт.

Ошондуктан энергия топтоодо, туура тамактанып, күчтүү, майлуу тамактарды азайтып, арыктаганга умтулуңуз. Өзүңүздү балдарыңызды , үйүңүздү таза кармаңыз. Жакшы тамак , жумшак сөз менен, назик , сылык мамилеңиз менен жолдошуңузду жумуштан тосуп алып турсаңыз эле, ал үйгө шашып турат. Өзүңүзгө хобби табыныз, 1-2 кг тыштаган сайын өзүңүзгө белек жасаңыз. Мотивация дайыма болуп туруш керек. Ошондо өзүңүздү бактылуу сезип, балдарыңызга, жолдошуңузга , жакындарыңызга  сүйүү тартуулай аласыз.

Бактылуу болуңуз…