Ырчы Анжелика Кайратова парламенттик шайлоого өзүнүн жеке пикирин билдирди. Анын айтуусунда өзү колдогон партиянын өтпөй калышын айтып тынчсызданды.

«Шайлоодон өткөндөрдүн 70% буга чейики эле депутаттар кайра тандалынышты. Өзүнөр ушундай чечтинер! А бирок, добушту кыргыз элинин жарымы эле берди. Республика, Замандаш, Ата-Мекен, Мекенчил, Бир бол партияларынан кандай гана сонун программалар чечилчү жолдору менен айтылган эле. Мен суранам🙏🏻😭. Саламаттыкты сактоо , билим министрлигине жакшы көңүл керек. Туура система менен иштеп, шаарыбызды таштанды, кирден тазалоодон баштагыла. Өзүңөрдү сыйласаңар- жок дегенде отурган жериңердин чаңын арчып, мамлекеттин, элдин акчасына алынган буюмдарды аёоо мамиле менен колдонгула. Мен ЖК барганда колонканы дубалга кагып койбостон, кондиционерге коюп колдонушканын, дубалдарындагы кирлерди көрүп, өлкө акыбалы ушундай турбайбы деп кеткем. Кудайым элибизди колдоп, тандалган депутаттардын жүрөгүнө ыйман берсин. Тынчтык митинги тынч өтсүн. Азыр биз КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗГА БИЙЛИК ТАЛАШПАЙ ЖӨН ГАНА ЖАРДАМ БЕРИШИБИЗ КЕРЕК. Ынтымактуу болуп, эл көзөмөлүн талап кылып, өнүккөн өлкөлөрүнүн катарына киришибиз керек. Республика партиясы- ЭЛДИН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ🙏🏻. Эл үчүн иштейм деген партия. Келечек алдыда ! Алдыга жол ! Путь вперёд!!!»-деди ал.