Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен «Көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасы башталды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Маалыматка караганда, биринчилерден болуп Ташкент көчөсү Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин жана Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот.

Жолдорду оңдоо иштери бүгүн, 5-октябрда башталды. Эки көчөдө жол катмары, жээк таштар, ирригациялык түйүндөр жана тротуарлар алмаштырылып, жаңыртылат.

Реконструкция иштерин «China Road & Bridges Corporation» кытай компаниясы жүргүзөт.

Реконструкция иштерине байланыштуу Ташкент көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки жана Сухе-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүктөрү унаа кыймылы үчүн жабылат. Жолдорду оңдоо иштери күз айларынын соңуна чейин бүткөрүлөт.

Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул убакыттын ичинде калаада 5 көпүрөнүн курулушу жана жалпы узундугу 70 км болгон 60 көчөнүн жолун оңдоп-түзөө пландалууда.