Памирлик кыргыздар Ош шаарынын казысы менен жолугушту

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев памирлик кыргыздар менен жолугушту. Жолугушууда алар балдарынын диний сабаттуулугун жогорулатуу үчүн диний окуу жайларга тапшырууну ниеттенип жаткандыгын билдиришти. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Ал эми Убайдулла ажы Сарыбаев Памирден келген кыргыздар үчүн атайын Куран окуу курстарын уюштурууда колдон келген жардамын берээрин айтты.

“Азыркы учурда диний окуу жайлар онлайн тартипте окууларды жүргүзүүдө. Эгер диний окуу жайлар ачылса атайын Куран окуу курсун уюштурууну биринчи планга коёбуз”, – деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Эскерте кетсек, Памирден келген кыргыздар Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылына жайгаштырылып, карантин учурунда Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан азык-түлүк жана кийим кече таратылган эле.