Митингдин катышуучулары шайлоону жокко чыгаруу талабын коюшту

Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жаткан партиянын өкүлдөрү жана шайлоочулар тынчтык митингин өткөрүп жатышат.   Митингде шайлоого ат салышып,бирок көрсөтүлгөн 7 пайздык босогодон өтпөй калган “Замандаш”, “Республика”, “Чоң Казат” жана “Ата Мекен”, “Реформа”, “Мекен Ынтымагы”, “Бир бол” партияларынын лидери эл алдында сөз сүйлөштү. 

Талапкерлердин талабын айткан Алтынбек Сулайманов президенттен шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну суранды. Ал эми Рыскелди Момбеков бийликтин кетүүсүн талап кылды.

“Ала- Тоо” аянтында өтүп жаткан каршылык акциясына 3000 дей  катышуучулары жана партиялар 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын билдиришүүдө.