Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жаткан партиянын өкүлдөрү жана шайлоочулар тынчтык митингин өткөрүп жатышат.   Митингде шайлоого ат салышып,бирок көрсөтүлгөн 7 пайздык босогодон өтпөй калган “Замандаш”, “Республика”, “Чоң Казат” жана “Ата Мекен”, “Реформа”, “Мекен Ынтымагы”, “Бир бол” жана башка партияларынын лидери эл алдында сөз сүйлөштү. 

Талапкерлердин талабын талашкан «Ата Мекен» партиясынын депутаттыка талапкер Рыскелди Момбеков мамлекеттин булуң бурчунан атчан жигиттер келе жатканын жар салды.

“Ала- Тоо” аянтында өтүп жаткан каршылык акциясына миңдеген адамдар катышууда. Элдин агымы дагы өсүп жатат.