Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-октябрда, өлкөдөгү парламенттик шайлоонун өтүшүнө мониторинг кылган КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА жана ТМККнын эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма соз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөдө парламенттик шайлоо өткөндүгүн, шайлоонун эрежелери алдын ала эле белгилүү болгонун, бардык партияларга үгүт иштерин жүргүзүүсү үчүн бирдей шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Ал ошондой эле Өкмөт менен БШКнын уюшкан жана масштабдуу ишин белгилеп, пандемия шартында жарандар үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

«Шайлоого эл аралык байкоочу катары катышкандыгыңыздар үчүн сиздерге чоң ыраазычылык билдирем. Биз муну эл аралык колдоонун көрүнүшү деп эсептейбиз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эл аралык байкоочулар Мамлекет башчысын жана өлкө элин парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташты. Алар шайлоо өткөрүү, шайлоо процессинде ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча иштер жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешти.

Ошону менен катар мыйзам базасын даярдоо, шайлоо участокторун заманбап технологиялар менен жабдуу боюнча уюштуруу иштерине токтолушту.

Эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлгөнүн баса белгилешип, шайлоонун ачыктыгын, эркиндигин жана легитимдүүлүгүн тааный турган жыйынтык чыгарышты.

Алар өлкөнү мындан ары ырааттуу демократиялык өнүктүрүүнү камсыз кылуу ишине ийгиликтерди каалашты.

Мамлекет башчысы бардык эле өлкөлөрдөгүдөй болуп, шайлоо өткөрүүдө жер-жерлерде айрым бир кемчиликтер ыкчам түрдө жоюлуп турганын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо процессине мониторинг кылуу ишмердүүлүгү үчүн эл аралык байкоочу миссияларынын башчыларына дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирди.