Саясатчы Садыр Жапаров да эркиндикке чыкты, тарапташтары аны Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтына алып келишти. Белгилей кетсек, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митинг уюштуруп, 6-октябрда түнкү саат 3төр чамасында Ак үйдү басып алышты.
Андан соң УКМКнын имаратына кирип барып президент Алмазбек Атамбаевди алып чыгышкан.
Митингчилер Молдовановкадагы колониядан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду
чыгарып Бишкекке алып келишти. Бул тууралуу Исаковдун ошол кездеги
кеңешчиси Гүлнур Төралиева социалдык тармакка жазды.