Кыргызстандыктар «Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине башаламандыктардан кийин борборду тазалоого жардам берүүнү каалашат. Бул тууралуу департаменттин пресс-катчысы Жибек Каракеева Фейсбукта билдирди.


«Таштанды чыгарууда бизге жардам бергендердин баарына рахмат! Жардамыңыз жана колдооңуз үчүн рахмат. Көп адамдар биз менен чогуу тазалангысы келип, координациялоону суранышат. Жардам негизинен борбордо (Чүй проспектиси Манастан Советка чейин) жана аянтта керек », — деди ал. Тазалоо иштерине жардам берүүнү каалагандар мастерлерге жана бөлүм башчыларына кайрыла алышат. «Руслан аянты 0557881231, Медер борбору 0557277772», — деп сөзүн жыйынтыктады Каракеева.

Эске салсак, 5-октябрь күнү борбор калаада парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, андан соң күч органдары митингчилерди аянттан сүрүп чыгарган. Бирок эл кайра кайрылып келип, акыры Ак үйдү алышкан.

Митингден кийин шаарда отургучтар талкаланып, калаанын борбордук бөлүгү таштандыга толуп калган.

Ошондой эле, социалдык тармактын колдонуучулары, ырчылар жана активистер митингден кийин Бишкекте калган таштандыларды тазалоого чакыра баштады.

Шаарды тазалоого үндөгөндөрдүн арасында алып баруучу, актриса Назира Айтбекова бар.

Ырчы Кайрат Примбердиев да тургундарды аянтты тазалоого чогуу чыгууга чакырган.