Курсан Асанов ИИМде ыкчам жыйын өткөрдү

Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Курсан Асанов ИИМдин Борбордук аппаратынын, Бишкек ШИИББдин жана Чүй ОИИБдин жетекчилеринин катышуусунда ыкчам жыйын өткөрдү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Асанов өлкө боюнча жана Бишкек шаарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө көрсөтмөлөрдү берди.

Асанов жыйынга министрдин орун басарлары Мирлан Каниметов, Алмаз Орозалиев жана Памир Асановдор катышпаганын белгиледи.

Курсан Асанов Ак үй митингчилер тарабынан алынгандан кийин ички иштер министринин кабинетин ээледи