Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмил Алымкулов, Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев жана Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлү Балбак Түлөбаев арыз жазганын өзү ырастады. Балбак Түлөбаев өкмөттүн облустагы өкүлү болуп, 2020-жылдын июль айынын этегинде дайындалган.

Талас облусунда өкүл менен кошо төрт райондун акимдери да кызматтан кетүү арыздарын жазды.

Ошондой эле облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмаз Жумабеков төрт райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен кошо кызматын тапшырганы кабарланды.

6-октябрда Нарында, Таласта жана Караколдо эл чогулуп, бийликти өткөрүп берүүнү талап кылышкан.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.

6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда.