Саясий буйрутма менен камакка алынган кыргыздын патриот уулу Рустам Маманов эркиндикке чыкты.

Маалым болгондой, Бишкектин Ала-Тоо аянтында 5-октябрда саат 11:00 чамасында шайлоодон өтпөй калган оппозициялык партиялардын жана шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган тургундардын мөөнөтсүз тынчтык митингги башталган. Алар шайлоону легитимсиз деп атап, көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилешкен.

Кийинчерээк митинг баш аламандыкка айланып, укук коргоо органдары тургундары аянттан кууп баштаган. Алар Ак үй тарапка бет алышып, укук оргоо органдары менен тирешүүлөрдөн соң Ак үйдү, андан соң УКМКны басып алышты.

Ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан жана экс-депутат Садыр Жапаров, мурдагы премьер Сапар Исаков абактан бошотулду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Маманов кытай ишкерлери менен жер талашка байланыштуу 2018-жылы кармалган эле.