Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибриам Нуракун уулу билдирди.

“Урматтуу кесиптештер, түндөгү окуяларга байланыштуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын радиостанциясы, телестудиясы, парламенттик кабарчылардын пресс-бөлмөсү, пресс-борбор, чоң жыйындар залындагы түз эфир камсыздоочу камералар жана серверлери талкаланды. Бирок, биз эң негизгиси элибиз аман болсун, калган нерселерди уюштуруп алабыз деген үмүттө турабыз. Kenesh.kg сайты убактылуу иштебейт, бул үчүн кечирим сурайбыз. Расмий маалыматтарды убактылуу электрондук почта аркылуу таратып турмакчыбыз. Биз эл мененбиз! Ылайым, элибиз аман, мамлекетибиз бүтүн болсун! “-деп жазды.