Социалдык тармактын колдонуучулары, аянтта желек кайтарган жоокерлерге алкыш айтышты.  Анткени, эртең менен Улуттук гвардиянын желек кайтарган жоокерлери өз кызматтарын аткарып, адаттагыдай борбордук аянтта турган желекти кайтарууга келген. Аларды топтолгон эл алкыш менен тосуп алып, аларга ыраазы болушту.

Интернет  колдонуучулары бул көрүнүшкө жагымдуу пикирлерин калтырышууда.

Белгилүү болгондой, кечээ, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митингге чыгышып, башаламандык орун алды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү басып алышты.