Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев дагы бошотулган.

Белгилей кетсек, Ниязов менен Сагынбаев Кой-Таш окуясы боюнча айыпталууда.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчы Садыр Жапаров жана бир катар мурдагы чиновниктер абактан бошотулган.