Би-Би-Си «Бир бол» партиясынан депутаттыкка талапкер, белгилүү саясатчы Алмамбет Шыкмаматовго кайрылып, өлкөдөгү соңку кырдаал тууралуу сурады. Анда Шыкмаматов , Матраимовду камакка алуу боюнча ЖМКларга чыккан маалыматтарды калп деди.

А.Шыкмаматов: Сасий абал өтө кейиштүү, өтө начар. Буга шайлоодогу элдин добушунун уурдалганы детанатор болду. Кечээ саат алтыларда эле БШК шайлоону жокко чыгарганда мындай окуя болмок эмес. Эми тез аранын ичинде мыйзамдуу жолго түшүүнүн аракетин көрүшүбүз керек. Азыр мыйзамдуу жолдон чыгып кетти. Ак үйдү өрттөп жатышат, ушул мыйзамдуубу?!

Би-Би-Си: Сизди бул кызматка дайындоонун өзү кандай жүрдү жана мыйзамдуубу деген суроолор чыгып жатат?

А.Шыкмаматов: Жок, азыр дайындалган жокмун. Эч ким дайындалган жок. Азыр Башкы прокуратурада Жапыкеев отурат, мен эмес. Мен келип, ал жерде мыйзам бузуулар болбосун, имаратты талкалап жибербесин деп келдим. Башында прокуратура кызматкерлерин чогултуп айттым, иштегиле, ар кимиңер өз ишиңерди аткарып, мыйзамдуулуктан чыкпагыла деп айттым.

Би-Би-Си: Массалык маалымат каражаттарында Матраимовдорду камакка алуу боюнча санкциялар чыгып жатат деген маалыматтар тарап жатат. Ушул чынбы?

А.Шыкмаматов: Жок, бул калп!

Булак: Би-Би-Си