Бул тууралуу Мадумаров 6-октябрда журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда бул Координациялык кеңешке кирген сегиз саясий партиянын лидерлеринин чечими болду.

Мадумаров бийлик өкүлдөрү, президент менен жолугушуу болбогонун билдирди:

«Биз кечээ президентке жолугалы, бардык 16 партиянын жетекчилери менен чогуу жолугуп, сүйлөшөлү» деп сунуш кылганбыз. Бирок сунушубузду угушкан жок. Бүгүн саат 11де мамлекет башчы менен жолугушуу болору тууралуу айтылып, кийин ал саат 9га жылды дешти. Натыйжада ал да болбой калды».

Мадумаров Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, легитимдүү Элдик өкмөт куроосу зарыл деп билдирди.

Координациялык кеңешке сегиз партиянын — «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш», «Социал-демократтар партиясы», «Бир бол», «Ордо», «Республика», «Реформа» партияларынын жетекчилери кол койгон.