Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетти. Бул тууралуу ал 6-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арызын Бишкек шаардык кеңешине жазды.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.

6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКны басып алышты. Бир катар күч кызматтарынын жетекчилери алмашканы кабарланды.

Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы өкмөттүн өкүлдөрү кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышкан. Ош шаарынын мэри дагы кызматтан кетүү арызын жазган эле.