БШКнын жумушчу тобу Жогорку Кеңештин VII чакырылышы үчүн өткөн шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Бул тууралуу  БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, эми жумушчу топтун чечими БШКнын мүчөлөрүнүн кароосуна жөнөтүлүп, ошол жактан акыркы чечим кабыл алынат.

Эске салсак, 4-октябрь күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Шайлоонун кол менен эсептегенден кийинки болжолдуу жыйынтыгы боюнча жети пайыздык босогодон “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан” өткөн. Бул жыйынтыктарга нааразы болгон эл Ак үйдү басып алды.