Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу билдирди.

«Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси менен байланыштым. Бүгүн саат 16:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын кезексиз жыйын өткөрүүгө чакырат. Жыйын «Достук» мейманканасында өтөт», — деп жазды Нуракун уулу.