Урматтуу кыргыз калкым! Урматтуу президент! Урматтуу депутаттар! Урматтуу бийликти эсине келтирген, акыйкаттык, таза шайлоо үчүн күрөшүп жаткандар!

Өлкөдө бийликтин сокурлугунан, мамлекеттин саясий системасындагы көп жылдан бери жашап жаткан, мыйзамсыз президенттик кландык башкаруу, жоокер мүнөз элибизди үчүнчү жолу Ак Үйдү күч менен алууга мажбур кылды. Биз бул тууралуу нечен жолу президентти, Жогорку Кеңешти эскерткенбиз, элди көчөгө чыгарбагыла деп. Нечен элдик курултай өткөрдүк, чечимдерин тийиштүү органдарга бердик. Өзүбүз кол топтоп, элдик демилге тартибинде Жогорку Кеңешке мыйзам да киргиздик… Бийлик адатынча элдин үнүн укпады!

Эми эмне кылуу керек?

Урматтуу бийлик,  кырдаал ээлери?! Кыргыз Республикасынын, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, биз азыркы кырдаалдан чыгуунун туура жолун табышыбыз керек.

Мейли Өкмөт алмашсын, мейли башка мамлекеттик бийлик башчылары алмашсын. Бирок, жаңы шайлоо дайындоодо шашпайлы! Жаңы шайлоо болуш керек, талаш жок, бирок азыркыдай партиялык тизмени шайлатуу жолу менен эмес. Азыркы саясий партиялар, партияга эмес, бийлик үчүн уюша калып жаткан кылмыштуу топко окшош! Ошондуктан, менин сунушум, азырынча  6- чакырылыштагы Жогорку Кеңеш таркай элек! Жогорку Кеңеш аркылуу шайлоо системасын түп тамырынан өзгөртүп, анан жаңы шайлоого баруу керек. Болбосо кайра дайындалган шайлоодон кийин да өтпөй калган партиялар биригишип, Ак-Үйгө кирип кетет.

Экинчиси, тарыхый жакшы кырдаал түзүлдү:координалдуу конституциялык реформа жасоо керек. Ал үчүн Жогорку Кеңеш: бийликтин түрү, башкаруу формасы, шайлоо системасы боюнча тезинен референдум жарыялоо керек. Элибиз чечсин кандай бийлик керектигин, элибиз чечсин кимди шайлаарын партиялык тизмениби же адамдыбы!? Ансыз маселе бүгүнкү күн менен, Өкмөттү, БШКны алмаштыруу менен, жаңы шайлоо менен чечилбейт. Сиздер Убактылуу Өкмөттүн 2010- жылдагы катасын кайталабагыла!? Шайлоо эмес, референдум жарыялагыла! Референдумдун жыйынтыгына ылайык бийлик түптөлүп, шайлоо анан өткөрүлсүн, аны кылбасак граждандык согушка барабыз, аны каалаган Кыргызстанда батышчылар көп! Референдум өткөрүлүп, ошого жараша бийлик түзүлгөнгө чейин, коалициялык Убактылуу бийлик, Өкмөттү  үчүн акыл-эстүүлүккө, сабырдуулукка чакырам. Алла талаа жар болуп, кыргыз бөлүнбөй, чет элдик идеологдордун азгырыгына кирбей алга өнүгүүгө өз жолубузду тапканга  түзүлгөн дагы бир жолку тарыхый жагдайды туура пайдаланып, кыргыз жолуна түшөлү. Бүткүл кыргыздардын курултайын тез арада чакыруу зарыл! Мына ошол курултайда келечегибизди эл чечсин. Курултайдын чечими элге, референдумга чыгарылсын.  Менин сиздерге берген кеңешим ушул, жаңы шайлоо дайындоо менен эле эч нерсе чечилбейт!