Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстанга келатат. Бул тууралуу “Facebook” баракчасындагы түз эфирде журналист Ыдырыс Исаков митингге чогулгандарга таянып билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Мырзакматов Түркиядан түшкү саат 13:30 да учкан.

Белгилүү болгондой, Оштогу Мырзакматовдун тарапташтары колдоруна “Мырзакматов келсин”, “Ош Мелис Мырзакматовду күтөт”, “Мелис Мырзакматов, биз сени мененбиз!” деген жазууларды кармап турушат. Оштогу митингге үч миндей киши катышууда.