ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрүнө жана Бишкек шаардык милициясынын өздүк курамына Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча инструктаж жыйын өткөрдү. Курсан Асанов Бишкектин аймагында тартипке келтирип, жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо керектигин айтты. Баардыгынарды  чагымчылдыкка алдырбоого, мыйзамдын чегинде өзүңөрдү алып жүрүүгө чакырам. Милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен укукка каршы аракеттерди болтурбоо керек. Анткени Биш шаарынын жашоочуларынын жана анын меймандарынын бейпилдиги менен коопсуздугу баардыгынан маанилүү. Ошондуктан милиция кызматкерлери менен ыктыярдуу элдик кошуундар укук бузууларды алдын алып, профилактика жүргүзүү керек, тартип бузууларга жол бербөө керек»,-деп өз сөзүндө билдирди.

Ыктыярдуу элдик кошуундардын өкүлдөрү менен коомдук коопсуздукту камсыздоо  Бишкек шаардык ИИББдин планына ылайык түзүлгөн. Анын алдында ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрүнө, Бишкек шаардык ИИББдин өздүк курамына, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана ИИББдин бөлүмдөрүнүн  башчыларына инструктаж жыйын өттү. Азыркы учурда милициянын өздүк курамы республика аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. ИИМдин Басма сөз кызматы