«Супер-Инфо» гезити жана SUPER.KG порталынын мурунку жетекчилери кызматтарына келишти. Бул тууралуу редакциядан билдиришти.

«Супер-Инфо» гезити жана SUPER.KG порталы Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин кысымынан арылды.

Анткени акыркы 2 жыл аралыгында Сооронбай Жээнбековдун бийлиги тарабынан өлкөдө эң көп нускалуу мамлекеттик тилдеги «Супер-Инфо» гезитинин жана эң алдыңкы кыргыз тилдүү SUPER.KG сайтынын редакциялык саясатын көзөмөлгө алуу, тартып алуу же жабуу аракеттери ачык жана тымызын жүрүп жатты.

Мунун баары гезит менен сайттын негиздөөчүсү Кылычбек Султандын жана аталган редакциялардын Жээнбековдук бийликке карата кескин оппозицияда болгондугунан улам келип чыккан. Бийликтин түгөнбөгөн кысымдарынан улам алгач Кылычбек Султан бул ЖМКлардан четтеп, андан соң гезиттин да, сайттын да жетекчилери жумуштан кетүүгө аргасыз болушкан.

Бул эң көп окулган абройлуу эки ЖМКга үстөмдүгүн жүргүзүп келген Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин кулашы менен «Супер-Инфо» гезитинде жана SUPER.KG сайтында өзүнүн баштапкы редакциялык саясатын жүргүзүү эркиндиги пайда болду. Мындан улам «Супер-Инфо» жана SUPER.KG ЖМКларынын мурдагы жетекчилери Шайиста Шатманова, Бактыгүл Сокушова, Медер Кидиков, Эльвира Караева гезит жана сайттагы мурдагы кызматтарына кайтышты.

Биз эми кайрадан окурмандарды объективдүү, так жана ыкчам маалыматтар менен камсыздоону улантабыз»,-деп жазат редакция.