Эл банкоматтан акча чыгара албай жатат. Бул тууралуу Спутник агенттиктиги ири банктар менен байланышып, сураштырган. Бул боюнча Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев кенен токтолду.

«Операциялар жүргүзүлбөшү үчүн бүгүн акчалар чыгарып алынып, банкомат өчүрүлдү. 2005-2010-жылдары эмне болгонун билебиз. Айрымдар банкоматтарды талкалап, тоноп кетишкен. Бул жагымсыз окуяларга байланыштуу жабдыктарды өчүрүп туруу чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Ал эртеңден тарта коммерциялык банктардын кеңсеси менен банкоматтар иштей башташы мүмкүндүгүн кошумчалады.