Президент Сооронбай Жээнбеков Би-Би-Сиге өлкөдөгү соңку окуяларды бийликти мыйзамсыз басып алуу аракети деп мүнөздөдү.

“Алардын максаты шайлоонун тыянагын жокко чыгаруу эмес, өлкөдөгү туруктуу абалды бузуу болгону көрүнүп турат. Аягында келип эле президентти кызматтан кетирүү максатты көздөгөнү ачык-айкын болуп турат. Баарыбыз көрүп жатабыз, эрте менен бири, түштөн кийин бири кызмат талашууда. Тилекке каршы, эки ирет ушундай олку-солкудан өткөн Кыргызстаныбыз кайрадан ошондой абалга туш болуп калды. Тараптардын баарын мындай ишти токтотууга чакырат элем”, — деди президент Жээнбеков.

Булак: Би-Би-Си https://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-54430790