Мирлан Самыйкожо КТРКнын башкы директорунун милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Мындай чечимди өлкөдө төңкөрүш кылган жаштар кабыл алды. Бул тууралуу КТРКнын сайтында жарыяланды.

Чечимди түз эфирде жалпы кыргызстандыктарга жар салышты.

Буга чейин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Жайнак Үсөн уулу өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.