Жандуу-жансызды жараткан мээримдүү Алла Тааланын аты менен! Азирети Мухаммед (Аллахтын. ага салам салаваты болсун) Пайгамбарыбызга саламдар болсун! Быйыл кыргыз эли үчүн оор жылдардан болуп, элибиздин башына ар кандай сыноолор келүүдө. Ошоной эле руханий дөөлөттөрүбүздөн ажыроо өңүтүнөн дагы оор жылдар болду.

Азыр  кыргыз эли үчүн ыймандуулук, абийирдүүлүк, ынтымак-ырашкерлик, сабырдуулук, биримдик аба менен суудай керек болуп турган учур.
Кылым карыткан элибиз бекеринен «ынтымак бар жерде ырыс бар»,-деп бекеринен айтышпаса керек.  Башыбызга келген оорчулукту талашуу менен эмес, сабырдуулук  менен жеңилдетпейлиби?

Кыйынчылыкты жеңүүнү, кырдаалды жөнгө салууну дүрбөлөңгө түшүү менен эмес бири-бирибизди сыйлоо, түшүнүү жана ынтымак менен чечпейлиби? Мүлктөрдү талкалоо, тоноо  менен эмес, акыл-эсибиз менен болуп, мындай иштерге жол бербейли.
Аалымдар айтышкан: «Ачууга алдырып кийин өкүнүп кала турган иштен алыс бол!». Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) «Сабыр – биринчи сыноо келгенде сабыр кылган адам» деп, ал эми кийин сабыр кылган ал чыныгы сабыр эмес экендигин эскерткен. Алланын алдындагы эң сүйкүмдүү инсан ал тилинен дагы, колунан дагы башкаларга зыян бербеген инсан. 
Урматтуу мусулман бир тууганым! Аллах кимге байлыкты же бир мансапты берген болсо ал нерселер Аллах аны сүйгөндүгүнө далил боло албайт. Кимге Аллах ыйманды насип кылган болсо мына ошол нерсе Аллах сүйгөндүгүнө далил. Ошондуктан Аллах берген улуу нематты туура пайдаланып, Ага татыктуу кул болуу биздин ыйык милдет. Андыктан мусулман адам канткенде Аллахты ыраазы кыла алат, Ага татыктуу кул боло алат?
Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллах Таала бизге өтө көп жакшылыктарды бергендигин айтат: «Момундун иши таң калыштуу эгерде ага бир жамандык жетсе ага сабыр кылат ал үчүн сооп алат. Эгерде ага бир жакшылык жетсе Аллахка шүгүр айтат ал үчүн да сооп алат. Мындай мүмкүнчүлүк момундан башка эч кимде жок».
Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дагы бир хадисте мусулмандын сыпаты тууралуу:  “Мусулман – башкалар анын тилинен, колунан зыян көрбөгөн адам”– дейт.
Аалымдар айтышкан: “Тартиптин болуусу өмүрдүн узун болуусуна себеп болот”.
Сүйүктүү мусулман бир тууганым! Бизге азыр  туруктуулук, ынтымак менен сабырдуулук абдан зарыл болуп турат. Эгерде сен тоонун башындагы бир арча болбосоң, талаадагы бир бадал бол, бирок ал жердеги эң мыкты бадал сен болушуң керек! Бадал боло албасаң бир чөп бол, жолго сулуулук бер, жыпар – жыттуу чөп боло албасаң башкасы бол, бирок эң жандуусу сен болушуң керек. Баарыбыз капитан боло албайбыз катардагы акскер болууга мажбурбуз. Дүйнөдө баарыбызга жай бар, баарыбыз үчүн бир иш бар, чоң болсун кичине болсун. Чоң жол болбосоң, кичинекей жол бол, күн болбосоң жылдыз бол, жеңип алуу, же жеңилип калуу өлчөм эмес. Сен эмне болсоң ошонун эң мыктысы бол!»
 «Денеде муштумдай эт бар. Ал оңолсо, бүт дене оңолот. Ал бузулса, бүт дене бузулат. А бул жүрөк эмеспи?!»
Ой жүгүртүүнүн очогу болгон жүрөк канчалык таза болсо, дене да ошончолук таза болот. Ошон үчүн жүрөктө дайыма таза ыйман, позитивдүү ой-сезим, жакшы ниет, келечек үмүт жана чын ыкластан айтылган дуба-тилектер гана болушу керек. Эгерде дүйнөдөгү ар бир жүрөк таза болгондо, анда жер жүзүндө ооруулар менен кылмыштар азайып, адамдар оңолуп, биз эңсеген бактылуу, бейпил турмуш башталмак.
Адамдардын жан-дүйнөсүндө таза сезимдер, ойлор жана ниеттер гана болууга тийиш. Жүрөгү таза адамдын ыйманы да күчтүү болот.
Момун мусулмандардын бардыгы эч бир улут, урууга карабастан бир тууган болгондон кийин, ар бир мусулман менен өзүңдүн боордош бир тууганыңдай мамиле кылуубуз керек. Ынтымакта, тынчтыкта жашоо, бардык адамзатка жакшы мамиле кылуу – Аллахтын ырайымына бөлөй турган сыпат.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)  мындай деген: «Баарыңар Адам Атанын урпагысыңар. Адам болсо топурактан жаралган. Эч ким ата – бабаларынын кыйындыгына мактанбасын. Кимде – ким бул айтылгандын тескерисин жасаса, Аллахтын алдында кадыр – баркы өтө төмөн болот».
Ислам дини бардык элдин укугун когоп, ынтымак – ырашкерликте, достук – боордошууда жашоого үгүттөйт. Ислам дини эл ортосундагы ынтымакка чакырат. Ошол себептен биримдик, ынтымак деген түшүнүк маанисин жоготуп, ар кимибиз башыбыз оогон жакка ооп турган учурда, Аллах Тааланын Даанышмандыгынын жемиши болгон, Ислам «Тынчтык» деп атап койгон таза диндин баалуулуктарына кайрадан кайтуудан башка жол жок. Аллах бардыгыбызга тынчтык, ынтымак жошоо насип кылсын! Аамиин!

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын маалымат бөлүмү