Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаал бул өлкөнүн ички маселеси. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путиндин катчысы Дмитрий Песков билдирген.

«Азыркы учурда Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков. Ал мамлекет башчысы. Калганынын бардыгы өлкөнүн ички маселеси. Алар бул маселени чечиши керек», -деген Песков. Мындан тышкары, ал Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге телефон чалбаганын айткан.