Бүгүн, 7-октябрь саат 09:00гө карата Бишкек шаарында абал тынч. Учурда бардык коомдук транспорттор өз ишин аткарып, «Ала-Тоо» аянтында чогулган адамдардын тобу дээрлик жок.

Кечээ, 6-октябрь күнү митингге чогулгандар 6-чакырылыштын депутаттары чогулуп жаткан «Достук» мейманаканасына барышып, андан кийин резиденцияны көздөй жөө сапар алышкан. Бирок аларды орто жолдон элдик кошуундар токтотушкан.