Россиянын Президенти Владимир Путин бүгүн, 7-октябрда 68 жашка толду. Путин 1952-жылы Ленинградда төрөлгөн.
Буга чейин Россия лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мамлекет башчы туулган күнүн жумушта өткөрөт деп билдирген. Ошентип, күндүн биринчи жарымында ага ондон ашык телефон чалуу пландаштырылган. Түштөн кийин ал достору жана үй-бүлөсү менен жолугушат.
Кремлдин өкүлүнүн айтымында, президент бул майрамды
үй-бүлөсү жана достору менен өткөргөндү жакшы көрөт.