Кылмыш-кырсык
Өлкөдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Жердин силкинүүсү 6-октябрь саат 14.11де катталды.
«Жер титирөө Алай районунун Нура, Эркеч-Там айылдарында 4 балл, Икизяк, Көк-Суу айылдарында 3 балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди», — деп айтылат билдирүүдө.
Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.