Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанда болуп жаткан кырдаал боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу башкы катчынын өкүлү Стефан Дюжаррик чет элдик басылмаларга билдирген.

— БУУнун башкы катчысы каза болгондорго кайгырат жана бардык тараптарды сабырдуулукка, күч колдонуудан алыс болууга чакырат, — дейт Дюжаррик.

Гутерриш Кыргызстандагы болуп жаткан окуялардын катышуучуларын бардык маселени мыйзамдын чегинен чыкпай чечишүүгө чакырат. Ошол эле учурда БУУ учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган аракеттерди колдоого даяр.