4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар: «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Ыйман Нуру», «Ордо» жана «Реформа» партиялары түзгөн Элдик координациялык кеңеш өкмөт башчынын ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлүүсүнө каршы.

Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөлөрү бүгүн, 7-октябрда басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге билдиришти. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков Садыр Жапаров бул кызматка келүүгө моралдык акысы жок деди:

«Садыр Жапаров алтынчы чакырылыштагы депутаттар менен тымызын чогулуп алып, өзүн өкмөт башчылыкка көрсөттү. Булардын өкмөтүнө биз каршыбыз, эл каршы чыгат. Ошондуктан, биз аларга «саясий принциптерди бузуп жатасыңар, токтоткула, элдин аң-сезимин адаштырып, тополоңго алып барууну токтоткула» деп талап кылдык. Биздин Координациялык кеңеш азыркы өкмөт иштей берсин, коопсуздукту сактап берсин деп сунуш кылып жатабыз».

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. 16 партия катышкан шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон 12 партиянын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Кечинде милиция митингчилерди кууп-таратууга аракеттенген.