Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуяларга пикирин билдирди. Бул тууралуу Токаевдин маалымат кызматынан билдиришти.

“Кыргызстанда болуп жаткан окуялар ошол элдин ички маселеси. Казакстан боордош Кыргыз элине достук алакаса жана стартегиялык шериктештиги бекем бойдон кала берет. Аны менен катар мамлекеттеги абалды Кыргызстандын мыйзамы менен стабилдүүлүктү сактоого үмүт артат. Кыргыз эли мындай кырдаалдан тезирээк чыгуунун жолун табуусуна ишенем”, -айтылат президенттин маалымат кызматы.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. 16 партия катышкан шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон 12 партиянын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Кечинде милиция митингчилерди кууп-таратууга аракеттенген.