КТРКнын жетекчиси Үсөн Жайнак уулу кызматтан эмне үчүн кеткенин жар салды. Ал кесиптештеринин коопсуздугу үчүн кечээ, 6-октябрда КТРКнын Байкоочу кеңешинин чечими менен өз каалоосу менен арыз жазып кызматын бошотуп берген.

«Урматтуу достор! Силерге белгилүү болгондой, өлкөдө түзүлгөн кырдаалды эске алып, мен 6-чы октябрда КТРК башкы директорунун кызматынан кетүүнү чечтим. Бул чечим коллективдин коопсуздугуна таасир тийгизген, окуялардын негативдуу багытта андан ары өнүгүп кетпеши үчүн жана ошондой эле коомдук элдик корпорациянын мүлкүн жана жабдууларын сактап калуу учун кабыл алынган. Кымбаттуу коллегаларым, силер, менин таза жана ачык-айкын иштегениме күбөсүңөр. Боло турган жаңы жетекчиге бул кесипкөйлүквекторду улантууну сунуштайм! Биздин коллективге чоң ыраазычылыгымды билдирем, ар бирөөңөрдү сыйлайм жана баалайм! Мындан ары да өз ишибиздин профессионалдары болуп кала берели»,-деди Жайнак уулу.

Эскерте кетсек, ушул тапта КТРКны митинге катышкан жаштарды колдоосу менен Мирлан Самыйкожо убактылуу башкарып жатат.