Бишкекте Тилек Токтогазиевдин тарапташтары аны Өкмөт үйүнө алып кирүүгө аракет кылышууда. Бирок Садыр Жапаровдун тарапташтары аларга каршылык көрсөтүүдө.

Буга чейин Элдик координациялык кеңеш Тилек Токтогазиевди КРнын премьер-министри кызматына көрсөткөн.

Кечээ парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка С. Жапаровдун талапкерлигин бекиткен.

Аталган кеңештин курамына бир нече партия кирет: «Чоң Казат», «Ордо», «Реформа», «Ыйман Нуру», «Мекен Ынтымагы».